Этти жылытып жесеңиз ден соолукка зыян экен
Адистер кайрадан жылытып жегенге болбой турган тамактардын тизмесин жарыялашты.
Алардын айтышы боюнча, кызылча, эт, козу карын, жумурткадан жасалган тамактарды жылытуу зыян. Ошондой эле, картошка кошулган тамактарды да кайра жылытуу үчүн кыска толкундуу мешке салууга болбойт экен.
Кайра жылытылган тамак өзүндөгү пайдалуу касиеттерден айрылып, зыяндуу тамакка айланып чыга келет. Мисалы, ысыткан кезде кызылча витаминдерден, эт даамынан ажырайт. Эт организм узак убакытта сиңире ала турган тамак-аш түрүнө киргендиктен, аны кайра жылытып жегенге болбойт. Ал турсун, коопту да болуп саналат.
Ал эми кайра ысытып, бышырган учурда козу карындар белоктон айрылса, картошканын курамындагы крахмал жоголуп кетет. Мунун бардыгы албетте жогорку температуранын кесепетинен болот.
Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-zhylytuga-bolboj-turgan-tamaktar-tizmegin-zharyyalady
Добавить комментарий ×