Дарыгерлер бейтапты операциядан кийин скочтоп, керебетин сындырып үйүнө кетиришкен

30 март 2019 21:35 11712 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Краснодарск крайында болгон окуяны иликтеп жатат. Новороссийскилик бейтап ага тиешелүү медициналык тейлөө көрсөтпөгөнүн айтып арыз берди”,-деп кабарлады РИА Новости

Бейтаптын айтымында дарыгерлер анын операция болгон жерин  атайын тикпей эле скочтоп салышкан, керебетке жаткырса анысы алардын көзүнчө сынып түшкөн. Ошондон кийин бейтапты бир сааттай кармап эч нерсе дебей үйүнө чыгарып ийишкен.

Эркек киши кезекте тургандагы убарасынан баштап  дарыгерлердин операциядан кийинки кылык-жоруктарына чейин даттанып арыз берди.

Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-bejtapty-operaciyadan-kijin-skochtop-kerebetin-syndyryp-jn-ketirishken



Добавить комментарий