Дарига Назарбаеванын депутаттык укуктары токтотулду

2 май 2020 13:19 1795 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казкастандын президенти Касым Жомарт-Токаевдин буйругу менен Дарига Назарбаеванын өлкөнүн парламент депутаты укуктары токтотулду. Бул тууралуу Ак ордодан кабарлышты.

Назарбаева эмне себептен депутаттык укугунан ажыраганы белгисиз.

Эске салсак, Назарбаева атасы Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенден кийин 2019-жылдын 20-мартынан бери Казакстан парламентинде Сенаттын спикери кызматын ээлеп келген.

Дарига Назарбаева 1963-жылы 7-майда туулган. Үч баласы бар. Алар: · Алиев Нурали Рахатович (1985-жылы туулган), Назарбаев Айсултан Рахатович (1990-жылы туулган); Алиева Венера Рахатовна (2000-жылы туулган).

Ал кесиби боюнча тарыхчы.

Ссылка: https://barometr.kg/dariga-nazarbaevanyn-deputattyk-ukuktary-toktotuldu



Добавить комментарий