Даракка урунган жеңил унаадагы эки адамдын өмүрү кыйылды
Ош облусунда жигули үлгүсүндөгү унаа жол четинде турган даракты сүзүп, эки адам каза болду. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Алтынбек Теңизбаевдин айтымында кырсык 27-январь күнү саат 01:30 чамасында Кара-Суу районундагы Каратай айылынын аймагында катталган.
Белгилүү болгондой, унааны Алай районунун 27 жаштагы тургуну башкарып бараткан. Ал Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда баратып Каратай айылына жеткенде унааны башкара албай калып, даракка урунган. Кырсык болгон жерден айдоочу жана анын жанында бараткан 28 жаштагы жаран каза болгон. Учурда Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/darakka-orolup-kalgan-zheil-mashinadagy-eki-adamdyn-mr-kyjyldy
Добавить комментарий ×