Аскер Дастан Анарбековго таандык делген сөөктүн өздүгүн тактоого ДНК Казакстанга жөнөтүлдү

5 октябрь 2022 15:27 645 Barometr
Бөлүшүү:
ok

14-сентябрдан 17-сентябрга чейин кыргыз-тажик чек арасында тажиктердин кол салуусунда дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкерине таандык делген сөөктүн өздүгүн аныктоого ДНК Казакстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Буга чейин, дайынсыз болуп жаткан Дастан Анарбековго таандык делген бронежилеттин жан денесинин айрым бөлүктөрү табылган. 

«Тилекке каршы, маркумдун өздүгүн аныктоого дароо мүмкүн болгон жок, анткени денеге келтирилген зыян 90%дан ашкан.

Өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертиза дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбеков болушу мүмкүн экенин аныктады», - деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Дастан Анарбековдун жакындары соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул болбогондуктан, тиешелүү тергөө органдары маркумдун өздүгүн тактоо жана жакындары менен туугандык байланышын аныктоо максатында керектүү материалдар даярдалган. Казакстандын лабораториясына генетикалык экспертиза – ДНК анализине жөнөтүлдү. ДНК анализинин жыйынтыгы тууралуу маалымат маркумдун ата-энесине жана анын жакын туугандарына берилет.

«Ошол эле учурда лейтенант Дастан Анарбековду издөө иштери КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан генетикалык экспертизанын жыйынтыгы алынганга чейин улантыла тургандыгын билдиребиз», - деп айтылат УКМКнын басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-bolup-zhatkan-asker-dastan



Добавить комментарий