Дагы бир коррупциялык иштин бети ачылды. Жалал-Абадда салык кызматкери акча алып жаткан жеринен кармалды

25 январь 2019 12:32 1467 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн биринин кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча кезектеги коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдашты. 

Маалыматта жазылгандай, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда МСКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын бир райондук бөлүмүнүн начальниги «Э.Т.», тескөөчүлөрү «Б.Ч.» жана «Р.А.» деген жарандар өздөрүнүн кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттин жана бизнестин өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарына каршы жеке ишкер «А.Т.» деген жарандан акча опузалап талап кылышкандыгы аныкталган. 

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин   326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

2019-жылдын 18-январында МСКнын аталган кызмат адамдары эки транш менен (мурун биринчи транш 50 миң сом суммасында тескөөчүлөрдүн биринин атына пара катары банктык которуу аркылуу болгон андан кийин жеке ишкер «А.Т.» деген жарандан салыктык карызды азайтуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн «Мерседес-Бенц» маркасындагы автотранспорттук каражатты талап кылышкан, анын негизинде тескөөчү “Б.Ч.” деген жарандын талабы боюнча, кысым жана коркутууда бул автоунаа анын жакын досуна катталган. 

2019-жылдын 18-январында ЭККМКнын кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган салык кызматынын  Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарын бөгөт коюу чарасы каралганга чейин Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизишти. 

Азыркы убакта финансы полициясы тарабынан жогоруда аталган МСКнын ишмердигиндеги башка коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча ушул сыяктуу учурлар иштелип жатат деп билдиришти басма сөз кызматынан. 

Ссылка: https://barometr.kg/dagy-bir-korrupciyalyk-ishtin-beti-achyldy-zhalal-abadda-salyk-kyzmatkeri-akcha-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy



Добавить комментарий