COVID-19: Таластагы бейтап 2 адамга жугузуп, дагы 98 адам менен байланышта болгон

11 июнь 2020 13:36 746 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас шаарында коронавирус менен катталган алгачкы бейтап аялдын күйөөсүнөн жана кошунасынан да бул илдет тастыкталды. Бул тууралуу брифингте Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Облустагы COVID-19 жуккан алгачкы бейтап шаардагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген медицина кызматкери экени аныкталды.

“Жашаган жеринде беш, жумушунда 17, жалпысынан 98 адам менен контакт болгонун такталды. Чебердебей, тартипти сактабаганыбыздын натыйжасы ушул болууда. Күйөөсү менен контакт болгондор да бир топ адам экен"- деп билдирди

Жалпысынан коронавирус илдети 2 129 адамдан табылып, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду.

Ссылка: https://barometr.kg/covid-19-talastagy-bejtap-2-adamga-zhuguzup-dagy-98-adam-menen-bajlanyshta-bolgon



Добавить комментарий