COVID-19 боюнча дүйнөдө абал кандай?
Бөлүшүү:
Ааламда COVID-19га чалдыккандардын саны 7 млн ашкан учуру. Вирус 400 минден ашуун өмүрдү айоосуз алып кетти. Анын очогу АКШ, Бразилия жана Россияда курч болууда. Дүйнөдөгү абалга көз чаптырсак:
- Бразилияда COVID-19дан бир сутка ичинде 1 272 бейтап каза болуп, жаңы 32 091 учур катталды. Баардыгы болуп 739 503 бейтапка вирус жугуп анын 38 406сы кайтыш болгон. Айыккандардын саны 311 064.
- Перунун психиатриялык клиникасында вирус жуккан 223 учуру катталды. Алардын ичинде кызматкерлерден – 59, бейтаптар -164. Жалпы Перу Республикасында 203 736 адамга коронавирус жугуп, анын 5 738и каза болгон.
- Мексикада бир сутка ичинде коронавируска чалдыккандардын жаңы 4 199 учуру катталып, жалпы саны 124 301 түздү. Учурда обсервацияда жаткандар – 18 904, каза болгондор – 14 649. Өсүү акыркы 24 саттын ичинде 3,5%ды түздү.
- Түркияда бир суткада дагы 993 адам коронавирусту жуктуруп, 18 адам каза болду. Ошону менен жалпы 172 114 учур катталып, анын 3 218 айыгып, 4 729 каза тапты.
- Учурда Израилде обсервацияда 2 722 бейтап дарыланып жатат, 31-абалы оор, 24 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Жалпысынан инфекцияга кабылган 18 180 учур катталган жана андан 299 адам мерт кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/covid-19-braziliya-740-mi-izrail-18-miden-ashty
Добавить комментарий ×