Бишкекте өрт өчүрүүчү унааны кортеждин айынан өткөрбөй коюшкан

8 декабрь 2017 09:27 1600 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарда, өрт өчүрүүчү унааны өткөрбөй койгон патрулдук милиция кызматынын кызматкерине нааразы болушууда.

Видеодон Бишкектеги көчөлөрдүн биринде патрулдук милициянын кызматкери конок кортежин камсыз кылуу үчүн өрт өчүргүч унааны жолдон өткөрбөй жатканын көрүүгө болот.

Анда өрт өчүрүүчү унаанын айдоочусу милиция кызматкерине өрт чыккан жерге баратканын айтып кыйкырып жатат.

"Тигил жакта киши өлүп баратат! Өткөрүп койгула!", - деп кыйкырган ал. Бирок ага жолду ачышкан эмес, бул учурда кортеж өтүп жаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9563



Добавить комментарий