Айгерим Кыргызстанды Малайзиядагы сулуулар сынагында таанытып жатат

28 ноябрь 2017 17:21 794 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Модель Айгерим Абдраимова Малайзияда өтүп жаткан Miss Tourism International 2017 эл аралык сынакта Кыргызстанды таанытууда. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында билдирилген.

Конкурс 21-ноябрда башталган жана 7-декабрда Куала-Лумпурда жыйынтыкталат.

Белгилесек, аталган сынакка дүйнөнүн ар түрдүү мамлекетинен келген 50 сулуу катышып жатат.

Эске салсак, Мисс Tourism International – бул жыл сайын өтүүчү эл аралык сулуулар сынагы болуп саналат. Ал 1994-жылдан бери Малайзиянын өкмөтү жана Туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content9224



Добавить комментарий