Айгерим Кыргызстанды Малайзиядагы сулуулар сынагында таанытып жатат
Поделиться в:
Модель Айгерим Абдраимова Малайзияда өтүп жаткан Miss Tourism International 2017 эл аралык сынакта Кыргызстанды таанытууда. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында билдирилген.
Конкурс 21-ноябрда башталган жана 7-декабрда Куала-Лумпурда жыйынтыкталат.
Белгилесек, аталган сынакка дүйнөнүн ар түрдүү мамлекетинен келген 50 сулуу катышып жатат.
Эске салсак, Мисс Tourism International – бул жыл сайын өтүүчү эл аралык сулуулар сынагы болуп саналат. Ал 1994-жылдан бери Малайзиянын өкмөтү жана Туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content9224
Добавить комментарий ×