Алай районунда "Лексус" оодарылып кетип, үч киши каза тапты
Бөлүшүү:
Алай районунда Ош-Эркештам автожолунун 54 чакырымында жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 3 адам каза тапты.
Жолдо жүрүп келаткан "Лексус 470" автоунаасынын айдоочусу унааны башкара албай калган, натыйжада автоунаа тоголонуп кетип, 3 киши мерт кетти.
Окуя болгон жерге Алай райондук ИИБсинин ыкчам-иликтөө тобу барган. Учурда иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9143
Добавить комментарий ×