Атамбаев 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрөт
Бөлүшүү:
Президент Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны 20-ноябрда, «Ала-Арча» резиденциясында болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда, Barometr.kg сайтына президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Күтүлгөндөй, жыйында мамлекет башчы журналисттердин суроолоруна жооп берет.
Белгилесек, 2017-жылдын 24-ноябрында Атамбаевдин 6 жылдык президенттик мөөнөтү аяктайт. Жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков инаугурациядан кийин расмий түрдө кызматка киришмекчи.
Ссылка: https://barometr.kg/content8641
Добавить комментарий ×