Атамбаев 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрөт

14 ноября 2017 14:15 1496 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны 20-ноябрда, «Ала-Арча» резиденциясында болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда, Barometr.kg сайтына президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Күтүлгөндөй, жыйында мамлекет башчы журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Белгилесек, 2017-жылдын 24-ноябрында Атамбаевдин 6 жылдык президенттик мөөнөтү аяктайт. Жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков инаугурациядан кийин расмий түрдө кызматка киришмекчи.

Ссылка: https://barometr.kg/content8641



Добавить комментарий