Токтогулдун Көтөрмө айылындагы мектептин чатыры урап түштү
Бөлүшүү:
Бүгүн, 15-февралда саат 06:30 чамасында калың кардын кесепетинен Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы орто мектебинин чатыры кыйрап түштү. Мектептин чатыры кардын салмагын көтөрө албай калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, чатырдын сынганынын кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда райондук Жарандык коргонуунун өкүлдөрү жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content854
Добавить комментарий ×