Токтогулдун Көтөрмө айылындагы мектептин чатыры урап түштү

15 февраля 2017 14:45 416 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Бүгүн, 15-февралда саат 06:30 чамасында калың кардын кесепетинен Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы орто мектебинин чатыры кыйрап түштү. Мектептин чатыры кардын салмагын көтөрө албай калган. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, чатырдын сынганынын кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда райондук Жарандык коргонуунун өкүлдөрү жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content854



Добавить комментарий