Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

9 ноябрь 2017 16:08 812 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 9-ноябрда, Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында вкыргыз элинин белгилүү актеру,  СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылышы болду.

Салтанаттуу иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жана башкалар катышты.

Бийиктиги 3 метр, салмагы дээрлик 600 кг түзгөн монументти Россиядагы уралдык чеберлер жасашкан.

Белгилесек, бүгүн С.Чокморовдун туулган күнү, актер көзү тирүү болгондо 78 жашка чыкмак.

Ссылка: https://barometr.kg/content8498



Добавить комментарий