Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды
Поделиться в:
Бүгүн, 9-ноябрда, Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында вкыргыз элинин белгилүү актеру, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылышы болду.
Салтанаттуу иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жана башкалар катышты.
Бийиктиги 3 метр, салмагы дээрлик 600 кг түзгөн монументти Россиядагы уралдык чеберлер жасашкан.
Белгилесек, бүгүн С.Чокморовдун туулган күнү, актер көзү тирүү болгондо 78 жашка чыкмак.
Ссылка: https://barometr.kg/content8498
Добавить комментарий ×