Бир суткада 22 өрт катталды: Ала-Белде 23 тонна кумшекер күйүп кетти

30 октябрь 2017 11:31 394 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде, 29-30-октябрь күндөрү 22 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Токтогул районундагы Ала-Бел ашуусунда Бишкек-Ош автожолунун 237 чакырымында фуранын прицебинен жалын чыгып, натыйжада 23 тонна кумшекер менен 6 дөӊгөлөк күйүп кеткен.

Өрттүн себеби – автотранспортту эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабагандык эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/content8177



Добавить комментарий