Митингчилерди өкмөт башчы кабыл алмак болду

10 февраль 2017 17:40 500 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 10-февралда өкмөт үйүнүн алдында аткаруу бийлигинин ишине нааразы болгон жарандар пикетке чыгышты. Бул тууралуу «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» жетекчиси Турсунбек Акун журналисттерге билдирди.  Акундун айтымына караганда пикетке чыккандар менен өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов жолугуп, алардын үнүн уккан. Жыйынтыгында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аларды эртең, 11-февралда түштөн кийин кабыл ала турганы белгилүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/content809



Добавить комментарий