Митингчилерди өкмөт башчы кабыл алмак болду
Поделиться в:
Бүгүн, 10-февралда өкмөт үйүнүн алдында аткаруу бийлигинин ишине нааразы болгон жарандар пикетке чыгышты. Бул тууралуу «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» жетекчиси Турсунбек Акун журналисттерге билдирди. Акундун айтымына караганда пикетке чыккандар менен өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов жолугуп, алардын үнүн уккан. Жыйынтыгында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аларды эртең, 11-февралда түштөн кийин кабыл ала турганы белгилүү болду.
Ссылка: https://barometr.kg/content809
Добавить комментарий ×