Эртеӊ Бишкектин айрым райондорунда таза суу берилбейт
«Бишкексууканал» ишканасынан маалымдашкандай, эртеӊ, 26-октябрда саат 9.00дөн кечки саат 8ге чейин Бишкектин айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.
«Түндүк» суу топтомо жайында жүргүзүлө турган оӊдоо иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөргө таза суу берилбейт: Күрөӊкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев, Ала-Арча, ошондой эле:
- «Красный строитель» турак жай шаарчасы;
- «Көлмө» индивидуалдык курулуштар;
- «Ак-Тилек»;
- “Алтын-Бешик”;
- “Саламалик”;
- №18, 33, 35 мектептери, Панфилов көчөсүндөгү №12 бала бакча;
- Пакистан элчилиги;
- Васильев көчөсү боюнча «Бишкекжылуулуккоммунэнерго»;
- Жаш Гвардия көчөсү;
- Урицк көчөсү;
- Чүй автобекет жана автостанциялар бирикмеси;
- Краснодонцев, 24 көчөсү боюнча Улуттук гвардиянын башкы штабы;
- «Электркүч» ЖЧУ;
- Шаардык жугуштуу оорулар бейтапканасы;
- Аскер комиссариаты В/ч 41069;
- КР ИА биотехнологиялар институту;
- «Химиялык завод» Сафонов жеке ишканасы;
- “Бишкексууканал” автобаза;
- Фере көчөсү боюнча «Бишкектурбаза» туркомплекси.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыӊгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калк, мекеме жана уюмдардан таза суу менен камданып алууларын өтүнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content7982
Добавить комментарий ×