Эртеӊ Бишкектин айрым райондорунда таза суу берилбейт

25 октября 2017 10:59 676 Barometr
Поделиться в:
ok

«Бишкексууканал» ишканасынан маалымдашкандай, эртеӊ,  26-октябрда саат 9.00дөн кечки саат 8ге чейин Бишкектин айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.

«Түндүк» суу топтомо жайында жүргүзүлө турган оӊдоо иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөргө таза суу берилбейт: Күрөӊкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев, Ала-Арча, ошондой эле:

- «Красный строитель» турак жай шаарчасы;

- «Көлмө» индивидуалдык курулуштар;

- «Ак-Тилек»;

- “Алтын-Бешик”;

- “Саламалик”;

- №18, 33, 35 мектептери, Панфилов көчөсүндөгү №12 бала бакча;

- Пакистан элчилиги;

- Васильев көчөсү боюнча «Бишкекжылуулуккоммунэнерго»;

- Жаш Гвардия көчөсү;

- Урицк көчөсү;

- Чүй автобекет жана автостанциялар бирикмеси;

- Краснодонцев, 24 көчөсү боюнча Улуттук гвардиянын башкы штабы;

- «Электркүч» ЖЧУ;

- Шаардык жугуштуу оорулар бейтапканасы;

- Аскер комиссариаты В/ч 41069;

- КР ИА биотехнологиялар институту;

- «Химиялык завод» Сафонов жеке ишканасы;

- “Бишкексууканал” автобаза;

- Фере көчөсү боюнча «Бишкектурбаза» туркомплекси.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыӊгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калк, мекеме жана уюмдардан таза суу менен камданып алууларын өтүнөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7982



Добавить комментарий