Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн да электр жарыгы өчүрүлөт

19 октябрь 2017 10:03 454 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө электр жарыгы берилбейт.  Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан кабарлашты.

Жарыкты өчүрүү  “ТЭЦ Бишкек-Түштүк-2” линияларын оңдоо иштерине байланышкан. Ага ылайык саат  10:00дөн 14:00гө чейин Бишкек шаарындагы айрым аймактарда электр жарыгы жок болот.

Төмөнкү райондордо жарык берилбейт:

 -Төкөлдөш конушунун түндүк бөлүгүндө,

-Восток-5 кичирайонунун түштүк бөлүгүндө,

-Чүй чоң көчөсүндө, Свердлов акимиатынын аймагында,

-№66 орто мектепте,

-Курманжан датка/Анкара көчөлөрүнүн түндүк-чыгыш тарабында электр жарыгы өчүрүлөт.

Эскерте кетсек, кечээ 18-октябрда саат 05:45те катуу шамал 110 кВ “ТЭЦ Бишкек-Южная-2” линиясын үзүп кеткен. Анын кесепетинен Бишкек шаарынын Свердлов районундагы бир катар турак-жайлар электр жарыгы жок калган.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7772



Добавить комментарий