Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн да электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө электр жарыгы берилбейт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан кабарлашты.
Жарыкты өчүрүү “ТЭЦ Бишкек-Түштүк-2” линияларын оңдоо иштерине байланышкан. Ага ылайык саат 10:00дөн 14:00гө чейин Бишкек шаарындагы айрым аймактарда электр жарыгы жок болот.
Төмөнкү райондордо жарык берилбейт:
-Төкөлдөш конушунун түндүк бөлүгүндө,
-Восток-5 кичирайонунун түштүк бөлүгүндө,
-Чүй чоң көчөсүндө, Свердлов акимиатынын аймагында,
-№66 орто мектепте,
-Курманжан датка/Анкара көчөлөрүнүн түндүк-чыгыш тарабында электр жарыгы өчүрүлөт.
Эскерте кетсек, кечээ 18-октябрда саат 05:45те катуу шамал 110 кВ “ТЭЦ Бишкек-Южная-2” линиясын үзүп кеткен. Анын кесепетинен Бишкек шаарынын Свердлов районундагы бир катар турак-жайлар электр жарыгы жок калган.
Ссылка: https://barometr.kg/content7772
Добавить комментарий ×