Катуу шамалдан көп кабаттуу үйдүн чатыры сынып, Бишкектин борборунун жарыгы өчтү
Бөлүшүү:
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатыры сынып, шаардын борборунун жарыгы өчтү. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты
Аталган маалыматка таянсак, бүгүн эртең менен саат 05:40та болгон катуу шамалда жогорку чыңалуудагы “Пенько-Джутовая” көмөкчордондун күч трансформаторуна көп кабаттуу үйдүн чатыры кулаган.
Мунун кесепетинен Правда, Иваницын, Сүйүмбаев көчөлөрү, Чүй чоң көчөсү; Москва, Гоголь көчөлөрү жана Чүй проспектисиндеги турак жайлардын электр жарыгы өчкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content7736
Добавить комментарий ×