Катуу шамалдан көп кабаттуу үйдүн чатыры сынып, Бишкектин борборунун жарыгы өчтү

18 октября 2017 10:09 1337 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатыры сынып, шаардын борборунун жарыгы өчтү. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты

Аталган маалыматка таянсак, бүгүн эртең менен саат 05:40та болгон катуу шамалда жогорку чыңалуудагы “Пенько-Джутовая” көмөкчордондун күч трансформаторуна көп кабаттуу үйдүн чатыры кулаган.

Мунун кесепетинен Правда, Иваницын, Сүйүмбаев көчөлөрү, Чүй чоң көчөсү; Москва, Гоголь көчөлөрү жана Чүй проспектисиндеги турак жайлардын электр жарыгы  өчкөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7736



Добавить комментарий