Өткөн жылдын бюджети 92% аткарылды

31 январь 2017 17:51 404 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети  өзүнүн кезектеги жыйынында  2016-жылдагы  республикалык бюджеттин   аткарылышы  тууралуу маалыматты укту.  Жыйында белгилүү болгондой 2016-жылдын бюджети 20,9 миллиард сомго тартыштык менен, тактап айтканда 92 пайызга аткарылды. Кирешелердин жыйындысы 115 миллиард 771 миллион сомду түзсө, чыгашалардын жыйындысы 136 млрд 697,2 млн сом болду.  Бюджеттин планын 3 мамлекеттик орган аткарган жок. Талкуу жүрүшүндө депутаттар план аткарбаган жетекчилердин  жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөрүп чыгып, бул талкуу палатада каралмай болду. .

 

Ссылка: https://barometr.kg/content707



Добавить комментарий