Өткөн жылдын бюджети 92% аткарылды
Поделиться в:
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өзүнүн кезектеги жыйынында 2016-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматты укту. Жыйында белгилүү болгондой 2016-жылдын бюджети 20,9 миллиард сомго тартыштык менен, тактап айтканда 92 пайызга аткарылды. Кирешелердин жыйындысы 115 миллиард 771 миллион сомду түзсө, чыгашалардын жыйындысы 136 млрд 697,2 млн сом болду. Бюджеттин планын 3 мамлекеттик орган аткарган жок. Талкуу жүрүшүндө депутаттар план аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөрүп чыгып, бул талкуу палатада каралмай болду. .
Ссылка: https://barometr.kg/content707
Добавить комментарий ×