Бишкекте жүк унаасы өрттөнүп, айдоочу каза тапты
Бөлүшүү:
Бишкектеги Биринчи май районундагы Кронштадт көчөсүндө 25-сентябрда MAN жүк ташуучу унаасы өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ведомство берген маалыматка таянсак, өрттүн кесепетинен унаанын салону жана кыймылдаткычы күйүп кеткен. Өрттүн себептери такталууда.
Унаанын айдоочусу-Казакстандын жараны кырсык болгон жерде көз жумду.
Ссылка: https://barometr.kg/content6724
Добавить комментарий ×