Бишкекте жүк унаасы өрттөнүп, айдоочу каза тапты

26 сентября 2017 10:10 400 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги Биринчи май районундагы Кронштадт көчөсүндө 25-сентябрда MAN  жүк ташуучу унаасы өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Ведомство берген маалыматка таянсак, өрттүн кесепетинен унаанын салону жана кыймылдаткычы күйүп кеткен. Өрттүн себептери такталууда.

Унаанын айдоочусу-Казакстандын жараны кырсык болгон жерде көз жумду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6724



Добавить комментарий