Кыргыз-өзбек чек арасында «Баймак-унаа жолу» бекети кайрадан ишке кирди

16 сентябрь 2017 14:06 661 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасындагы «Баймак-автодорожный» көзөмөл өткөрү пункту жеңилдетилген тартипте кайрадан ишке кирди.

Аталган токтом 2017-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров башында тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуунда өткөн жумушчы жыйындын жыйынтыгында даярдалган.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «Өткөрүү пункттарын ишке киргизүүнүн айрым чаралы тууралуу»2016-жлдын 6-майындагы №231 токтому менен «Баймак-автодорожный»көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу  кыргыз-өзбек чек арасынан оор жүк ташуучу, же жеңил унаалар менен өтүүгө тыюу салынган эле.

Өкмөт тарабынан кабыл алынган жаңы чечим боюнча «Баймак-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункту бажы, ветеринардык фитосанитардык жана антинаркотикалык текшерүүгө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте контролдук иштер жүрөт.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6345



Добавить комментарий