Кыргыз-өзбек чек арасында «Баймак-унаа жолу» бекети кайрадан ишке кирди
Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасындагы «Баймак-автодорожный» көзөмөл өткөрү пункту жеңилдетилген тартипте кайрадан ишке кирди.
Аталган токтом 2017-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров башында тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуунда өткөн жумушчы жыйындын жыйынтыгында даярдалган.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Өткөрүү пункттарын ишке киргизүүнүн айрым чаралы тууралуу»2016-жлдын 6-майындагы №231 токтому менен «Баймак-автодорожный»көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу кыргыз-өзбек чек арасынан оор жүк ташуучу, же жеңил унаалар менен өтүүгө тыюу салынган эле.
Өкмөт тарабынан кабыл алынган жаңы чечим боюнча «Баймак-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункту бажы, ветеринардык фитосанитардык жана антинаркотикалык текшерүүгө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте контролдук иштер жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content6345
Добавить комментарий ×