Кубатбек Боронов, КРнын өзгөчө кырдаалдар министри: “ Авиа кырсыктан каза тапкандарга жалпысынан жардам катары 28 млн. 619 миң 522 сом түштү”
-Кубатбек Айылчиевич, учурда ӨКМ министрлигинин эсебине авиа кырсыктан жабыркагандардан канча сом чогулду?
-Саат 18:00 гө ӨКМдин атайын эсебине авиа кырсыктан каза тапкандарга жалпысынан жардам катары 28 млн. 619 миң 522 сом түштү, учурда акчалай каражаттары түшүп жатат
-Кырсык болгон жай толугу менен тазаланып бүттүбү?
-Учурда кырсык катталган жерде тазалоо иштери уланып жатат.Мисалы, бүгүн 4 даана инженердик техника тартылган болсо, эртен дагы кошумча 4 даана унаа (техника) тартылат.
-Кырсык болгон жайда толугу менен канча сомдук зыян келтирилген?
-Авиакырсыктан келип чыккан материалдык чыгымды аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
-Чогулган жардамдар кимдерге качан таратылып берилет?
- Республика боюнча жарандардан чогулган гуманитардык жардамды бөлдүрүп берүү иш-чарасы атайын комиссия тарабынан уюштурулат жана көзөмөлдөнөт. Бул боюнча дагы кошумча маалымат беребиз.
Ссылка: https://barometr.kg/content630
Добавить комментарий ×