Кубатбек Боронов, КРнын өзгөчө кырдаалдар министри: “ Авиа кырсыктан каза тапкандарга жалпысынан жардам катары 28 млн. 619 миң 522 сом түштү”

25 январь 2017 14:42 579 Barometr
Бөлүшүү:
ok

-Кубатбек Айылчиевич, учурда  ӨКМ министрлигинин эсебине авиа кырсыктан жабыркагандардан канча сом чогулду?

-Саат 18:00 гө ӨКМдин атайын эсебине авиа кырсыктан каза тапкандарга  жалпысынан жардам катары 28 млн. 619  миң 522 сом түштү, учурда акчалай каражаттары түшүп жатат

-Кырсык болгон жай толугу менен тазаланып бүттүбү?

-Учурда кырсык катталган жерде тазалоо иштери уланып жатат.Мисалы, бүгүн 4 даана инженердик техника тартылган болсо, эртен дагы кошумча 4 даана унаа (техника) тартылат.

-Кырсык болгон жайда толугу менен канча сомдук зыян келтирилген?

-Авиакырсыктан келип чыккан материалдык чыгымды аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан  тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

-Чогулган жардамдар кимдерге качан таратылып берилет?

- Республика боюнча  жарандардан чогулган  гуманитардык жардамды  бөлдүрүп берүү иш-чарасы атайын комиссия тарабынан уюштурулат жана көзөмөлдөнөт. Бул боюнча дагы кошумча  маалымат беребиз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content630



Добавить комментарий