Бишкектин жана Токмоктун айрым райондорунда 6-8-сентябрда газ берилбейт
Бөлүшүү:
Оңдоп түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин жана Токмок шаарынын айрым райондорунда газ берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
- 6 -8 сентябрда Бишкектеги: Садовая, Токмакская, Загорская көчөлөрүндө, Кузнечный чолок көчөсүндө жана Победа проспектисинде;
- 7 сентябрда Токмоктун: Борончиев №30-52, Шамсинская №49, Ленин №352-356, Строительная №40, Заводская №51-57, 116а, Татарская №33-35а даректеринде газ өчүрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content5897
Добавить комментарий ×