Бишкектин жана Токмоктун айрым райондорунда 6-8-сентябрда газ берилбейт

6 сентября 2017 10:17 410 Barometr
Поделиться в:
ok

Оңдоп түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин жана Токмок шаарынын айрым райондорунда газ берилбейт. Бул тууралуу  «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

- 6 -8 сентябрда Бишкектеги: Садовая, Токмакская, Загорская көчөлөрүндө, Кузнечный чолок көчөсүндө жана Победа проспектисинде;

- 7 сентябрда Токмоктун: Борончиев №30-52, Шамсинская №49, Ленин №352-356, Строительная №40, Заводская №51-57, 116а, Татарская №33-35а даректеринде газ өчүрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content5897



Добавить комментарий