Эсенкул Момункулов премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

5 сентябрь 2017 16:02 516 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эсенкул Момункулов, 1978-жылы туулган. Германиядагы Гейдельберг университетинин бүтүрүүчүсү (2008),  АКШ дагы Миннесота  университетинде илим изилдөөчү болуп иштеген (2012).

Буга чейин   КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүндө эксперт (2011) жана КР Президентинин  Аппаратынын кадрдык иштер, аймактык жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн инспектору (2013) болуп эмгектенген.

Ошондой эле 2015-жылы Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси болуп да кызмат өтөгөн.

Акыркы кезде  Эсенкул Момункулов түрдүү инвестициялык долбоорлордун үстүнөн иштеп келген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5870



Добавить комментарий