Эсенкул Момункулов премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды
Премьер-министр Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эсенкул Момункулов, 1978-жылы туулган. Германиядагы Гейдельберг университетинин бүтүрүүчүсү (2008), АКШ дагы Миннесота университетинде илим изилдөөчү болуп иштеген (2012).
Буга чейин КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүндө эксперт (2011) жана КР Президентинин Аппаратынын кадрдык иштер, аймактык жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн инспектору (2013) болуп эмгектенген.
Ошондой эле 2015-жылы Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси болуп да кызмат өтөгөн.
Акыркы кезде Эсенкул Момункулов түрдүү инвестициялык долбоорлордун үстүнөн иштеп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/content5870
Добавить комментарий ×