Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил боюнча экзаменге киргизилди. 100 баллдык көрсөтучтөн 93,75 балл алды

18 август 2017 09:59 396 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ата-Мекен” фракциясынын лидери, президентикке талапкер Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил боюнча сынакка киргизилди. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Жакшылык Бердибек уулу кабарлады.

 Анын айтымында, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Текебаевди жашыруун кабыл алган.

“Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил комиссиясынан сынактан өттү. Азырынча канча балл менен өткөнү белгисиз. ММКдан жашыруун өткөрүшүптүр”,-деп жазды ал өзүнүне баракчасына.

"Бүгүн 14.00дөн 16.00гө чейин Текебаев  сынак тапшырды. Ал 93,75 балл алып тиешелүү сертификатка ээ болду”,-деп билдирди Barometr.kgге партиянын мүчөсү. 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5336



Добавить комментарий