Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил боюнча экзаменге киргизилди. 100 баллдык көрсөтучтөн 93,75 балл алды
Поделиться в:
“Ата-Мекен” фракциясынын лидери, президентикке талапкер Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил боюнча сынакка киргизилди. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Жакшылык Бердибек уулу кабарлады.
Анын айтымында, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Текебаевди жашыруун кабыл алган.
“Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил комиссиясынан сынактан өттү. Азырынча канча балл менен өткөнү белгисиз. ММКдан жашыруун өткөрүшүптүр”,-деп жазды ал өзүнүне баракчасына.
"Бүгүн 14.00дөн 16.00гө чейин Текебаев сынак тапшырды. Ал 93,75 балл алып тиешелүү сертификатка ээ болду”,-деп билдирди Barometr.kgге партиянын мүчөсү.
Ссылка: https://barometr.kg/content5336
Добавить комментарий ×