Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жылмаюсу кыргызстандык кызды кантип шыктандырды?
Социалдык түйүндөргө жергиликтүү жаштардын президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен “Мен Кыргызстанга инвестиция салам!” деген аталыштагы жаштар форумунда биргелешип түшкөн сүрөттөрү жарыяланды. Форум Дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган.
“Биздин прогрессивдүү премьер-министр Сооронбай Шарипович Жээнбеков! Биздин ар биримбизди бийиктикке шыктандырды. Сизге ырахмат! Кыргызстандын идеяалуу, демилгечил жана келечектүү жаштары менен селфи! Кыргызстандын таянычы жана тиреги. Өлкөнүн жаштары! Жаш стартаперлор!”,-деп жазды форумдун катышуучуларынын бири суктануу менен.
Сүрөтө галстугу жок өкмөт башчы жаштардын ортосунда жылмайып турат.
Мындай сүрөттөгү бактылуу премьер-министрди коомчулук буга чейин көрө электигин белгилеп кетишибиз керек, ал башка иш-чараларда өзүн токтоо алып жүрөт.
Өкмөт башчы өзүнүн социалдык баракчасында дагы Кыргызстандын жаштары менен сыймыктанарын жазды.
Ссылка: https://barometr.kg/content5114
Добавить комментарий ×