Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жылмаюсу кыргызстандык кызды кантип шыктандырды?

12 августа 2017 11:05 495 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөргө  жергиликтүү жаштардын президентикке талапкер   Сооронбай Жээнбеков менен “Мен Кыргызстанга инвестиция салам!” деген аталыштагы жаштар форумунда биргелешип түшкөн сүрөттөрү жарыяланды. Форум Дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган.

 “Биздин прогрессивдүү премьер-министр Сооронбай Шарипович Жээнбеков! Биздин ар биримбизди бийиктикке шыктандырды. Сизге ырахмат! Кыргызстандын идеяалуу, демилгечил жана келечектүү жаштары менен селфи! Кыргызстандын таянычы жана тиреги. Өлкөнүн жаштары! Жаш стартаперлор!”,-деп жазды форумдун катышуучуларынын бири суктануу менен.

Сүрөтө галстугу жок өкмөт башчы жаштардын ортосунда жылмайып турат.

Мындай сүрөттөгү бактылуу премьер-министрди коомчулук буга чейин көрө электигин белгилеп кетишибиз керек, ал башка иш-чараларда өзүн токтоо алып жүрөт.

Өкмөт башчы өзүнүн социалдык баракчасында дагы Кыргызстандын жаштары менен сыймыктанарын жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/content5114



Добавить комментарий