Өзгөн районунун тургунунун унаасынан "Браунинг" тапанчасы табылды

9 август 2017 11:21 348 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн  ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Лесхоз айлынын 28 жаштагы тургуну айдап бара жаткан «Хонда-Стрим»  унаасынан «Браунинг» тапанчасы табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 Мындан тышкары Лейлек районунун Орто-Сай  айылынын 30 жаштагы тургуну ок атуучу курал сактап жүргөнү белгилүү болуп, курал алынды.

 Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4981



Добавить комментарий