Өзгөн районунун тургунунун унаасынан "Браунинг" тапанчасы табылды
Поделиться в:
Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Лесхоз айлынын 28 жаштагы тургуну айдап бара жаткан «Хонда-Стрим» унаасынан «Браунинг» тапанчасы табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан тышкары Лейлек районунун Орто-Сай айылынын 30 жаштагы тургуну ок атуучу курал сактап жүргөнү белгилүү болуп, курал алынды.
Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/content4981
Добавить комментарий ×