Мектептер 5 күндүк окуу системасына өтөт
“Кыргызстандын мектептери 5 күндүк окуу системасына өтөт” –деп билдирет. Билим берүү жана илим министрлиги. Алардын айтымына караганда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындай токтомго өткөн жылы эле кой койгон. Бул токтомду министрлик ата-энелер менен кеңешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бүтүш керек эле. Министрлик түшүндүрүү иштерин эми бүттү. Эми 2017-жылдын экинчи жарымынан баштап, мыйзамга ылайык 1-класттан 11-класска чейинки окуган окуучулар 5 күндүк окуу тартибине өтөт Жаңы киргизилип жаткан мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, жумасына 1-5-класста окугандарга 20-30 саат каралат, 6-11-класстагыларга 30-33 саат. Буга ылайык, кошумча билим берүү сааттарын ата-энелердин макулдугу менен окуу жуманын 6-күнүнө которуу сунушталат.
Ссылка: https://barometr.kg/content479
Добавить комментарий ×