Мектептер 5 күндүк окуу системасына өтөт

13 января 2017 10:12 541 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кыргызстандын мектептери 5 күндүк окуу системасына өтөт” –деп билдирет.  Билим берүү жана илим министрлиги. Алардын айтымына караганда  Премьер-министр  Сооронбай Жээнбеков мындай токтомго өткөн жылы эле кой койгон. Бул токтомду  министрлик  ата-энелер менен кеңешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бүтүш керек эле.  Министрлик түшүндүрүү иштерин эми бүттү. Эми  2017-жылдын  экинчи жарымынан баштап,   мыйзамга ылайык 1-класттан 11-класска чейинки окуган окуучулар 5 күндүк  окуу тартибине өтөт Жаңы киргизилип жаткан мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, жумасына 1-5-класста окугандарга 20-30 саат каралат, 6-11-класстагыларга 30-33 саат. Буга ылайык, кошумча билим берүү сааттарын ата-энелердин макулдугу менен окуу жуманын 6-күнүнө которуу сунушталат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content479



Добавить комментарий