Чүй областында экстремисттик иш боюнча шектүү кармалды. Сирияга барууга аракет кылган

31 июль 2017 09:32 342 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Ушул жылдын июль айында Чүй облусунун 10-чу Ички иштер башкармалыгынын аппаратынын кызматкерлери тарабынан ок-дары жана экстремисттик материалдарды мыйзамсыз кармаган жана аларды таратуу иши ачылган. Бул туралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
"Сирия-Ирак аймагында куралдуу чырга катышуу үчүн чыгып кетмекчи болго жана ошондой эле эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясына мүнөздүү материалдар,  9 мм калибрлүү ок, курал-жарактар  1983-жылы туулган Ф. Р табылган", -делет  маалыматта.
 
Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп изилдөө иштери жүрүүдө.  Кармалган адам камакка алынган.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4570



Добавить комментарий