Чүй областында экстремисттик иш боюнча шектүү кармалды. Сирияга барууга аракет кылган
Поделиться в:
Ушул жылдын июль айында Чүй облусунун 10-чу Ички иштер башкармалыгынын аппаратынын кызматкерлери тарабынан ок-дары жана экстремисттик материалдарды мыйзамсыз кармаган жана аларды таратуу иши ачылган. Бул туралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Сирия-Ирак аймагында куралдуу чырга катышуу үчүн чыгып кетмекчи болго жана ошондой эле эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясына мүнөздүү материалдар, 9 мм калибрлүү ок, курал-жарактар 1983-жылы туулган Ф. Р табылган", -делет маалыматта.
Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп изилдөө иштери жүрүүдө. Кармалган адам камакка алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/content4570
Добавить комментарий ×