Стамбулдагы түнкү клубду кыргыз жараны жардырган эмес

3 январь 2017 21:01 610
Бөлүшүү:
ok

Стамбулдагы түнкү клубду кыргыз жараны жардырган эмес. Бул тууралуу Россиянын теле каналдары баарынан мурун  расмий түрдө билдирип чыкты.  

Стамбулдагы “Рейна” клубун жардырып жиберген жаран кыргыз жараны деп шектелип жаткандыктан  Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке кагып жатышкан. 

Расмий түрдө  маалымат жалганга чыгып калгандыктан Стамбулдагы башкы консулдук маалыматты тактабай чуулдатып жиберген  түрк басылмаларын кечирим суроону талап кылып жатышат. 

Ал ортодо терракт жасады деп шектелип жаткан кыргызстандык сүрөттөгү жаран 1988-жылы туулган Йахье Машрапов (Iakhe Mashrapov) аттуу адамга  2016-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилгени аныкталып, бирок ал жигит окуя болгон убакта Кыргызстанда жүргөндүгүн тастыктоодо.    

Ссылка: https://barometr.kg/content419



Добавить комментарий